09:05
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Баткенде каналдагы сууга түшүп кеткен 25 жаштагы жигит куткарылды

28-июнда Баткен шаарында Батырканов атындагы каналдагы сууга түшүп кеткен 25 жаштагы жигит куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучулар 1993-жылы туулган М. уулу И.ни каналдан чыгарып, биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин туугандарына өткөрүп беришти.

Учурда тургундун абалы канааттандыраарлык.

Эң көп окулган жаңылыктар