08:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто сууга агып кеткен баланын денеси табылды

Ош шаарындагы Отуз-Адыр каналынын суусуна түшүп агып кеткен 7 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баланын сөөгү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү каналдан табылды. Ал суу менен 10 чакырымдай агып барган.

Эске салсак, 28-июнда сууга агып кеткен баланын бир тууган агасы ата-энесине каналга барганын жашырып, бейтааныш кишилер күч менен инисин унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткен деп жалган айткан. Кийин окуянын чоо-жайын болгонун болгондой айтууга туура келген.

Эң көп окулган жаңылыктар