Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев соттон акталды. Бишкек шаардык соту Токмок шаарындагы муниципалдык жердин менчикке берилиши боюнча ишти мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотту.
Сот залынан Канат Исаевден башка соттолуучулар бошотулду. Парламенттин депутатына каршы дагы бир кылмыш иши козголгондуктан ал камоодо калды.
Эскерте кетсек, Канат Исаевге жана Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Мирлан Эсенбаевге жана вице-мэри Болот Имамадиевге шаардын жерин менчикке мыйзамсыз бергендиги үчүн иш козголгон. Бишкектин биринчи май райондук соту Канат Исаевди 12 жылга, Болот Имамадиев менен Мирлан Эсенбековдун 8 жылга эркинен ажыраткан.