04:58
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

«РусГидро» Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Гаага сотуна кайрылат

Орусиянын «РусГидро» компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Гаага сотуна кайрылууга даярданып жатканын РИА Новости агенттиги жазды. Компания бул тууралуу Кыргызстанды кабардар кылганы да айтылат.

Маалыматка караганда бул тууралуу «РусГидронун» башчысы Николай Шульгинов акционерлердин жыйынында билдирген. Кыргыз тараптын чакыруусу менен атайын делегация жакын арада Бишкекке сүйлөшүүгө келе турганы да айтылат.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы «РусГидродон» мындай маалымдама келе электигин «Азаттыкка» билдирди. Тышкы иштер министрлигинен маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, «РусГидро» сөз болуп жаткан эки энергетикалык объектини курмак. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган. Орусия каскаддагы курулушка 37 миллион доллар жумшап жибергенин, Кыргызстан бул акчаны кайтарып бериши керектигин айтып келет.

Ошондон кийин 2017-жылы жай айында чехиялык «Лигласс» компаниясы менен келишим түзүлүп, бирок ал келишимди да Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби