23:24
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Базар-Коргондо 9 киши сибирь кулгунасына шектелип ооруканага жаткырылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда 9 киши сибирь кулгунасына шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиева билдирди.

Анын айтымында, тургундардын бири бир жума мурун уй сатып алып, көп өтпөй мал ооруп калган. Уйду союп айылдыктар этин бөлүштүрүп алышкан.

«Учурда 6 эркек киши жана 9 аял сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды. Анализдер алынып, дарыгерлер бейтаптар менен байланышта болгон тургундарды текшерүүгө алышууда. Жабырлануучулар керектүү дары-дармектер менен камсыз болду», -деди Гүлнара Маматалиева.

Эң көп окулган жаңылыктар