«312» телеканалынын редактору укук коргоо органынын кызматкерин унаа менен койдуруп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалым болгондой, окуянын күнөөкөрү качып кетүүгө аракет жасаган.
Октябрь РИИБнын кызматкерлери «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Унаанын ичинде 3 киши болгон. Айдоочу качып кетүүгө аракет жасап тартип сакчысын сүзүп кеткен.
Кылмышка шектүү кармалып, анын жанынан гашиш табылгандыгы маалым болду. Ошондой эле, анын баңгизатын колдонгондугу аныкталды.