15:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жыл башынан бери Баткен облусунда 4 өспүрүм өз өмүрүн кыйган

Жыл башынан бери Баткен облусунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыйган 4 факты катталды. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Баткен районунда 2, Лейлек районунда 1, Кадамжай районунда 1 жашы жете элек балдар арасында суицид болду.

Алты ай ичинде 36 өспүрүмгө карата 20 кылмыш иши козголду. 2017-жылдын январь-июнь айларында 38 өспүрүмгө карата 22 кылмыш иш козголгон.

Эске салсак, былтыркы жылы облуста 11 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби