14:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кой-Таштагы адам өлүмү. Суицид болгон деген маалыматты баланын атасы четке какты

Кой-Ташта октон каза болгон бала Казакстандын жараны. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 24 жаштагы Атанух Шерматов Бишкекте жашап, борбордогу жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан. Анын өлүмүн суицидге байланыштырганын баланын атасы четке кагууда. 

«Менин балам спирт ичимдиктерин ичпейт болчу. Шайыр мүнөз, өтө боорукер, бирөө менен конфликке барбаган, жоопкерчиликтүү эле. Славян университетинин, стомотолог адистигин быйыл бүтүрсө, үйлөнөм деп жаткан.

Тирилик деп жүрүп, Казахстандын жарандыгын алганыбыз. Негизи Жалал-Абаддан болобуз. Үмүттөрү чоң эле. «Үйлөнсөм , тууган-урукка келип жашайбыз. Чоң атамдын үйүнө келип жашайбыз» деп жаңы жыл астында эле айтып, бизге акыл үйрөтүп жаткан. 

МВДнын маалыматы боюнча суицид деп жүрөт! Бул иликтөөнүн жыйынтыгы чыга элек туруп, экспертизанын жыйынтыгы жок туруп эмненин негизинде булар суицид деп берип жатат?!

Суицидке баргыдай эч кандай себеп жок! Квартира, машина алып бергенбиз. Толук кандуу камсыздап турсак, жалгыз уул деп көзүн карасак. Эмнеге суицидке бармак? Суицидке барса ээн-талаага бармак беле?! Үйдө жалгыз жашаса... суицидке барган адам арак, пиво закускасын кошо алып бармак беле, ичпесе... же машинасын баткактан чыгарам деп балондорун астына теректердин шактарын коймок беле?! Оң колу рулда, сол колу пистолетте экен...Өзүн аткан адамдын колунан пистолет жерге түшүп кетмек.. Коштошуу каты же болбосо коштошуу звоногу болмок... Ошондуктан бул окуяны адилеттүү иликтеп берүүсүн суранам. Бул менин ишенген келечегим эле... Эч кимдин башына мындай окуя келбесин...», -деп жазылат билдирүүдө.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби