12:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Максим Бакиевдин жактоочусу эми Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын коргойт

Максим Бакиевдин жактоочусу Алексей Елисеев эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташын коргойт. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал азыркы бийлик куугунтукка алган Кыргызстандын жаранына чет элден башпаанек алууга жардам берип жатат.

«Азыркы кардарым Кыргызстандын жаңы саясый эмигранттарынан. Атамбаевдин бийлигинин кишиси Сооронбай Жээнбековго жакпай калгандардан. Азыр эле анын атынан жазылган арызды бүтүрдүм. 2010-жылдан кийинки кардарларыма жазган тексттин мазмунун эми өзгөртүүгө туура келди. Эми жактоочунун иши ушундай » - дейт ал.

Эскерте кетсек, Алексей Елисеев мурдакы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин юристти болгон. 2010-жылдан кийин ал чет өлкөгө чыгып кетип, Латвияда жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар