Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 6-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 1 киши каза болуп, 3 киши жаракат алышкан.
Кырсык бүгүн болжол менен саат 14:30да катталды.