05:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Назира Айтбекова: Экинчи турмушумда жакшы аял болгонго аракет кылам

Назира Айтбекованын жеке архивинен
Фото Назира Айтбекованын жеке архивинен

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова акыркы жылы чыгармачылыгы менен эмес, жеке турмушундагы өзгөрүүлөр менен сөзгө алынып, жаңылыктардын сап башына чыгып, бир кездеги «Тамаша тордун» артынан жергиликтүү гезит менен соттошкон чырды дагы артта калтырды өңдөнөт. Бир кездеги таттуу түгөйлөрдүн ажырашуусунун себебин кызыккандар жылдыздуу айымдын жеке турмушун аңтарып-теңтерип, Назира Айтбекова өзү дагы жашырбай ачык эле айтып берип жатты. «24.kg» агенттигине жалгыз бой айым азыркы жашоосу жана уулунун кыял-жоругу тууралуу маек курду.

Уулум «мен сендей белгилүү болбойм, эл алдына чыкпайм» дейт

Уулум Ариет быйыл 2-классты бүтүрдү. Алгач орус тилдүү мектепке бергем, бирок тили орусча чыгып орус мүнөз болуп калбасын деп атайын жаңы ачылган кыргыз тилдүү жеке мектепке бердим. Анткени кыргыздын таалим-тарбиясы башкача, касиети дагы өзгөчө.

Азыр тилден кыйналып атат. Негизи кыргыз мектепте окуйт дегендин өзү бул мактана турчу нерсе эмес. Кыргыз тилдүү таанымал адамдын баласы орус тилдүү болгонунан уялат экенсиң. Андан интервью алгысы, сүйлөшкүсү келгендер бар. Айтбекованын баласы кыргызча билбейби десе уят болуп жүрдүм. Азыр өзүмдүн жеке колума өткөндөн кийин тарбияны башка нукка бурдум.

Уулумдун жакшы көргөн сабагы математика. 1-класска барганда эле мага «мектебиңер жаккан жок» деп чалкасынан кетти. Айтымында, мугалимдердин методикасы туура эмес экен. Ага окутуучулардын тынч отургула деп тыя бергени жакпаптыр. Ариеттин оюна койсо ээн-эркин отуруп окуш керек, мугалимдер дагы маалыматты кызыктуу кылып оюн түрүндө бериши керек. Уулумдун жайдары мүнөзү менен мени тартыптыр, а так илимдерге болгон кызыгуусу атасыныкы.

Фото Назира Айтбекова уулу Ариет менен

«Мен сендей белгилүү болбойм, эл алдына чыкпайм» дейт. Инженер-механик болом деп кыялданып жүрөт.

Уулум атасын аялы менен менин болочок күйөөм менен бир үйдө жашатууну кыялданат

Уулум качан күйөөгө тиесиң деп сурай берет. Балалык бое кыялы менен «кара өңдөгү Хаммери бар кишиге тий. Ал кыялыбыздагы чоң үйдү алып берсин. Баарыбыз чогуу ынтымактуу жашайлы» дейт.

Уулумдун кыялында чоң үйдө атасы аялы менен жана мен болчок күйөөм болуп чогуу, ынтымактуу жашайбыз.

Мен өзүм кичине кезимде апамды күйөөгө тиет десе кызганат элем. Кийин эс тартканда баарын түшүндүм. Ал эми эркек балада кызгануу 2 эсе көп болот. Бирок, баламда кызгануу, жек көрүү деген сезимдер жок. Мени бактылуу кылганга аракет кылат. Апам экөөнүн тилеги жакшы күйөөгө тийсе экен дешет. Апам жалгыз бой калып мени багып өстүргөн, түйшүктү билет...

Жалгыз аял коомго сыйбастыгын жакшы түшүнөт. «Өз бактыңды тургузуп кет, жалгыз калып калба, чанба, жакшы жигиттерди карап тур», — деп кеңешин айтып турат.

Ачык мүнөзүм менен азыркы кыялыма жеттим

Кыргызда менталитет боюнча кыздарды кырк үйдөн тыйып калыпка салып коюшат. Ошондуктан кыздар кымырынып, өз оюн айта албай өсөт экен. Ата-энеси тааныштырган кишиге турмушка чыгып, баш аттабайт деген принципти карманып отуруп калышат. Улуу кепте уят жок, биринчи нике түн зордук-зомбулук менен өтөт экен. Ошентип башында эле үй-бүлөнүн фундаментине жарака кетет. Эркек башкадан жылуулукту издеп баштайт. Биз муну уят деп көз жаздымга таштап коет экенбиз, бирок мен орчундуу тема катары көтөргүм келет. Ар бир адам кыздарын эрежеге сала бербеш керек. Мен ачык-айкындык керек деп ойлом. Апамдын эң жакшы жери тыйбаган тарбиясы болду. «Эл эмне дейт? Эл мындай кызы бар экен дейт да?» деген жок. Мен каалаган нерсемди айтып, каалаган ишимди кылып көнгөм. Бирок, мага ишеним арткандыктан ишеничинен да чыккан жокмун. Ушул мүнөзүм азыркы кыялыма жетишиме түрткү болду. Экрандан уялбай, оюмдагыны айта алдым. Ушул мүнөзүм менен элдин эсинде калдым деп ойлойм.

Эми турмушка чыксам жаңылбайм

Бул жашоодон жоготконум жок, эч нерсеге өкүнбөйм. Баарына айтар элем, кээ бири кетирген каталарын эстеп алып өкүнө берет. Аны өткөн чакка байлануу дейт. Ар бир ката мугалимиң, тажрыйбаң. Мен туура эмес адамды тандап алганыма дагы кубанычтамын. Анткени, тажрыйба алдым, жашоону көрдүм, уулду болдум...

Кийинки жашоомо кийинки турмушума мен даяр болуп баратам. Мурунку кемчиликтеримди эске алып болочок күйөөмө жакшы аял болуп бере алам.

Назира Айтбекова

Турмушта жанылган кыздарга жардам болоор...

Мага турмуштан жаңылган кыз-келиндер, алардын жакындары ажырашкандан кийин кантип өзүңө келдиң деген суроону көп беришет. Күйөөгө тиет десе эле тийип кетпеш керек экен. Мен окууну бүтүрдүмбү, турмуш курууга моралдык жактан даярмынбы деп ойлонуш керек. Кара далы болуп баратам деп шашып тийип алуу-кыргыз аялдарынын эң чоң катасы, өкүнүчү ушул. Андыктан окуунду бүтүр, иште, бутка тур. Анан турмушка чык. Китеп окугула. Мен Ошонун, Садхгуру, Джон Кехо жана Луиза хей чыгармаларын сунуштайм.

Назира Айтбекованын жеке архивинен
Фото Назира Айтбекованын жеке архивинен

Эң көп окулган жаңылыктар