11:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Аба-ырайына байланыштуу жайлоо өнүгүү борборлору ачыла элек

Аба-ырайына байланыштуу жайлоо өнүгүү борборлору ачыла элек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык билим берүү фондунун директору Догдургүл Кендирбаева билдирди.

Маалыматка караганда, аба-ырайы турукташып, күн жылыганда жайлоо өнүгүү борборлору иштеп баштайт. Фонддон билдиришкендей, борборлорду ачуу максатында бүгүн аталган долбоордун кызматкерлери Ош облусуна жөнөп кетишти.

Догдургүл Кендирбаеванын билдиргени боюнча, бул жылы түштүк аймакта борборлордун саны көбүрөөк болот. Ошондой эле, тоолуу Нарын облусундагы Ат-Башы районунда дагы жайлоо өнүгүү борборлорунун саны кеңейтилет.

Маалыматка таянсак, бул жылы жайында Кыргызстан боюнча 100 жайлоо өнүгүү борборлору иштейт. 

Эске салсак, 2014-жылы 35, 2015-жылы 87, 2016-жылы 117, 2017-жылы 98 жайлоо өнүгүү борборлору иштеген. 4 жылдын аралыгында 9 миң 100 бала тарбияланган. Жайлоо өнүгүү борборлору малчылардын балдарын жана ата-энелерди окутуу, аларды ар кандай турмуштук көндүмдөргө үйрөтүү максатын көздөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби