06:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өз баласын өлтүрүүгө аракет кылган аял камоого алынды

Ош шаарындагы «Байчечекей» балдар бакчасында өз баласын өлтүрүүгө аракет кылган аял камоого алынды. Бул тууралуу калаанын Ички иштер башкармалыгы билдирет.
 
Алардын маалыматында, 26 жаштагы аял ѳзүнүн бир жаштагы уулун бала бакчада жаздык менен тумчуктуруп ѳлтүрүүгѳ аракет жасаган. Аны бакчанын кызматкерлери өз убагында токтотуп, наристеге жардам кѳрсѳтүштү.
 
Аял 19-июнда Жаза процессуалдык кодексинин 94-беренеси менен 48 саатка камакка алынган. Анын үстүнѳн «Адам ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо» (28-97 беренеси) боюнча кылмыш иши козголду.
 
«Ал ѳзүнүн мындай кылмыштуу кадамга баруусун ѳзүнүн турмуштук оор шарты менен байланыштырып, туугандарынын каралашпагандыгы, күйѳѳсү менен ажырашкандыгы жана жокчулук жашоодон кыйналып кеткендиги менен түшүндүргѳн» — дейт милиция.
Бүгүн Ош шаардык соту кылмышка шектүү К.К.нын баш коргоо чарасын карайт.
 
Эң көп окулган жаңылыктар