21:02
USD 68.81
EUR 81.15
RUB 1.04

Депутат Руслан Казакбаев Google-салык киргизүүнү сунуштады

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Интернетте кызмат көрсөткөн Фейсбук, Гугл жана Инстаграм сыяктуу ири IT компанияларга салык салуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 1-январынан баштап Орусияда «Google-салык» киргизилген. Бул салык чет элдик уюмдар Интернет аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүүдө НДС төлөөнүн атайын тартиби.

«Көптөгөн фирмалар азыркы учурда өз продукциясын жана жарнамасын Фейсбук, Инстаграм, Твиттер, Гугл жана башка сайттарда жарыялаш үчүн миңдеген долларларды короторун бардыгыбыз билебиз. Мисалы ар бир университет айына Интернеттеги жарнамасы үчүн 500 АКШ долларын коротот. Эгер бир эле университет ушунча коротсо, мындай жарнама үчүн коммерциялык компаниялар канча акча төлөп жатканын өзүңүздөр билсеңиздер керек. Эксперттердин айтымында, биз интернет компаниялардын салыгынан 500 миллиондон 1 миллиард сомго чейин салыкты жоготуп жатабыз», — деди депутат.

Руслан Казакбаев компаниялар акчаны банк аркылуу түздөн түз эл аралык компанияларга которорун айтып, Кыргызстан да Орусиянын тажрыйбасын ишке ашырышы керектигин билдирди. Анын айтымында биринчи үч айлыкта эле Орусиянын бюджетине салыктын жаңы түрүнөн 2 миллиард рубль түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар