15:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдө карагат фестивалы өтөт

4-августта Ысык-Көл районунун Темир айылында «Карагат ФЕСТ 2018» фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой иш чаранын максаты- облустун мөмө-жемиштерин даңазалоо.

«Авеп» коомдук фондунун кызматкери Гүлжан Тезекбаеванын айтымында, фестивалдын жүрүшүндө жарманке уюштурулуп, жемиштердин парады болот. Муну менен катар мастер класстар өткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, аталган долбоорунун алкагында быйыл 20 фермерлик топтор окутулду.

Эң көп окулган жаңылыктар