19:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жоокердин жеке буюмдары уулуна берилди

Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз деп эсептелген кыргыз жоокер Балтабай Борошевдин жеке буюмдары анын уулу Жээнбай Балтаабаевге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Москвага жумушчу сапарынын алкагында «Обелиск» издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Алар мамлекет башчысына Ош облусунун Алай районунан Улуу Ата-Мекендик согушка аттанган жана майданда дайынсыз болуп кеткен Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган жеке буюмдарын өткөрүп беришкен.

Кыргыз жоокердин сөөгү Смоленск облусунда Бекрино айылынын жанынан табылып, Овсянники айылындагы Эскерүү талаасына кайрадан коюлган.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Таалайбек Сарыбашов жоокер Балтабай Борошевдин медальонун, курунун кемерин жана «Өлбөстүккө кадам» медалын анын уулу Жээнбай Балтабаевге тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар