05:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ошто милициянын капитаны жетекчисин сабап салган

Ош ОИИБда криминалдык милициянын башчысы менен анын кол алдында иштеген тартип сакчысы согушуп кетишти. Окуя тууралуу «24.kg» агенттигине аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июнда акыркы 5 айдын жыйынтыгын чыгаруу максатында жалпы жыйын болгон. Криминалдык милициянын башчысы кызматкерлердин бирине аткарган иштери тууралуу сын айтып, кылмыштын бетин ачуудагы төмөнкү көрсөткүчтөрү үчүн тартип жазасына тартаарын айткан.

Уруш жеген милициянын капитаны чогулуштан кийин жетекчисинин бөлмөсүнө кирип ага кол салган. Жыйынтыгында экөө согушуп кеткен.

«Аталган окуяны жетекчиликтен жашырууга аракет кылышкан. Бирок, баары ачыкка чыгып кызматтык иликтөө башталды. Окуянын күнөөкөрлөрү кызматтарынан убактылуу четтетилди. Азырынча эч ким кармала элек», — деп билдиришти башкармалыктан.

Эң көп окулган жаңылыктар