03:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

2017-жылы Бурана мунара комплексине 30 миңге жакын турист келген

2017-жылы Бурана мунара комплексине 30 миңге жакын турист келген.

«Мында келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Айрыкча Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталган бери жакшы жарнама болду. Дүйнөдө канча мамлекет болсо ошончо өлкөдөн турист келди десек жаңылбайм», — деди музей кызматкери Турдугүл Урбаева «24.kg» агенттигине.

Баласагын үч чептен турган шаар болгон. Бүгүнкү күндө биринчи чеп сакталып калган. Экинчи жана үчүнчү чеп бузулуп, айдоо аянты болуп түздөлүп кеткен. Сакталып калган төрт бурчтук формасындагы биринчи чеп учурунда шаардын борбору болуп эсептелип, бай адамдар жана шаар башчылары жашаган

Турдугүл Урбаева

2016-жылы «Тарых жана маданият жылы» жана «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын» алкагында 2 бөлмөлүү эски имаратта орун алган музей жаңы салынган айнек имаратка көчүрүлгөн.

Бугүнкү күндө музейге тиешелүү 32 гектар жер аянты бар. Ал 1977-жылы музей корук болуп курулган. Музейдин аймагын штаттагы 13 киши кезектешип күнү түнү көзөмөлдөшөт.

Ачык асман астындагы балбал таштар Кемин, Чүй өрөөнүнөн чогултулуп келинген.

«Көчмөн түрктөр эстелик катары коюшкан балбал таштарды жеке эле Кыргызстандан эмес, Казакстан, Алтай, ал тургай Монголиянын аймактарынан да кезиктирүүгө болот. Бул Караханиддер чоң территорияны ээлеп турган дегенди билдирет», -дейт ал.

Минарет -кароол мунарасы гана болбостон, ошол убактагы жергиликтүү элди беш убак намазга чакырып тургандыгы белгилүү.

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Бурана мунара комплекси, X-XI кылымдарда Караханиддер мамлекетинин убагында Баласагын деген гүлдөгөн шаар болгон. Маалыматтарга караганда, минареттин алгачкы бийиктиги 48 метрге жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар