09:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эки депутат согушуп кетишти. Бирөөсү ооруканага жаткырылды

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Александровка айылынын жергиликтүү кеңешинде эки депутат согушуп кетишти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине айылдык башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, майрамдык столдо отурушкан Абулла Шарипов менен Идрис Джонвуза экөөнүн ортосунда келишпестик жаралып, согушуп кетишкен.

Москва РИИБнын кызматкерлери «24.kg» агенттигине билдиришкендей, Идрис Джонвуза Абулла Шариповго карата арыз жазган. Экинчи депутат кармылып, убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Жабырлануучу ооруканада жатат.

Эске салсак, эки депутат тең кандайдыр-бир партиянын мүчөлөрү эмес, алар шайлоодо өзүлөрүн өзү көрсөтүшкөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар