12:42
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ИИМдин башчысынын орун басары Данияр Абдыкаров ишке келди

ИИМдин башчысынын орун басары Данияр Абдыкаров ишке келди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, ал жетекчиликке Түркиядан Бишкекке келгенин билдирген. Анын мыйзамдуу эмгек өргүүсүнүн мөөнөтү бүтө элегине байланыштуу, ал эс алуусун улантат.

Билдирүүгө ылайык, аталган ведомство министрдин орун басарына карата кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алат.

Эске салсак, буга чейин Данияр Абдыкаров Түркияга качып кетти деген маалыматтар тараган. Анын атына байланышкан бир канча чуулгандуу иштер айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар