14:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кытай Казакстандын бажы бекеттерин модернизациялоого насыя берет

Кытай тараптан казак өкмөтүнө бериле турган узак мөөнөттүү насыя өлкөнүн тышкы карызынын көбөйүшүнө алып келбейт. Бул тууралуу 12-июнда Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов билдирди.

«Бул узак мөөнөттүү насыя болот. Каржы шарттары дагы талкууланат. Болжол менен эки пайыздык үстөк менен берилет. Тактап айткандай, бул өтө арзан насыя болот», — деди ал.

«Интерфакс-Казакстан» агенттигинин маалыматына караганда, мында кеп 100 миллиард теңгелик (300 миллион доллардын айланасында) насыя жөнүндө болууда.

Бахыт Султановдун айтымында, Кытай жеңилдетилген насыяны бажыдагы өткөрмө бекеттерди модернизациялоо үчүн берет. Министр учурда болжолдуу келишим макулдашылганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар