05:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын сүйлөшүүлөрдү башташты

Ушул тапта Сингапурда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу өтүп жатат. Көптөн бери күтүлүп жаткан бул сүйлөшүү «тарыхый» деп мүнөздөлүүдө. Алар аталган өлкөгө жекшембиде учуп барышкан.

Трамп менен Ким кол кармашып учурашты. Андан ары алар котормочулардын катышуусу менен жеке жолугушууга өтүштү. Салтка ылайык, бул сыяктуу иш-чараларга АКШ президентинин жардамчыларынын бири катышышы керек эле. Эки лидердин биринчи жолугушуусу 35 мүнөткө созулду.

Түштөнүү маалында аларга эки өлкөнүн тең делегация өкүлдөрү кошулду. Америкалык тараптан — Мамлекеттик катчы Майк Помпео, президенттик администрациянын башчысы Жон Келли, президенттин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жана АКШнын Филиппиндеги элчиси бар.

Бул саммитте расмий Пхеньяндын өзөктүк курал маселеси жана Корей жарым аралындагы денуклеаризация аракети талкууланганы турат

.

Трамп саммитти Түндүк Корея үчүн «бир жолу гана берилүүчү мүмкүнчүлүк» деп атаган. Айрым эксперттер муну «Берлин дубалынын кулашы» менен да салыштырып, Түндүк Чыгыш Азиядагы коопсуздукка оң таасирин тийгизет деп сыпаттоодо.

Азырынча Түндүк Корея кандай шарттарды коеру так белгисиз. Президент Дональд Трамп эгер сүйлөшүү ойдогудай жүрбөсө, саммиттен чыгып кетерин эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар