18:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ташкентте милиция кызматкерлерин көчө шыпырууга мажбурлашууда

«Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, мажбурлап көчө тазалатуу иштерине 40 жашка чейинки кызматкерлер тартылууда.

«Ар нөөмөттө 30 кишинин 10у тазалык иштерине жөнөтүлүүдө. Бул үчүн алар жарандык кийим кийүүгө милдеттүү. Колубузга күрөк жана кетмен карматышат. Отоо чөптөрдү жана куурап калган дарактарды кыябыз. Гараждарды талкалайбыз. Кимге даттанарыбызды билбейбиз. Жардам бергиле», — деди атын атагысы келбеген милиция кызматкери.

Башка бир кызматкер негизги жумушунан кийин тазалык иштерине тартылгандар 34-35 саат үйлөрүнө кайтпай турганын билдирди. Алардын арасында орозо кармагандар да бар.

Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү бул маселени иликтөөгө убада берип, бирок кийин телефон чалууларга жооп беришкен жок.

Өзбекстан өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майдагы токтомуна ылайык, өлкөдө мажбурлоо иштерине тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар