23:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Душанбеде өрттөнгөн базар 400 миң доллар зыянга учурады

Тажикстан бийлиги «Султони Кабир» базарында чыккан өрттүн чыгымдарын эсептеп чыкты.

Тажикстан ИИМинин маалымат кызматы билдиргендей, келтирилген зыяндын суммасы 3,5 млн сомонини (390 миң доллар) түзөт.

Душанбедеги эң ири базарлардын бири эсептелген «Султони Кабирде» өрт 2-июнь кечинде саат 8дерде башталып, аны төрт сааттан кийин өчүрүүгө мүмкүн болгон. Өрттөн бир нече кампа жана 20дан ашык соода жайы күйүп кеткен. Өрт электр зымдарын туташтыруудагы кемчиликтерден улам келип чыккан. Базардын жетекчилигине чара көрүү маселеси карала элек, тергөө иштери жүрүүдө.

Соодагерлердин көбү банктан насыя алышкан, андыктан алар өкмөттөн колдоо күтүп жатышат.

Душанбе мэриясы «Султони Кабирдеги» соода түйүндөрүн калыбына келтирүү үчүн бир апта убакыт берди. Базар 2000-жылы салынган, 5 гектар аянтты ээлейт. Ал жерде 1700 ишкер эмгектенип келген.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Ош базарында ушул жылы 3 жолу ири өрт кырсыгы катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар