00:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышат. Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы «Жийде-Бак» үрөн чарбасынын иши менен таанышат.

Ошондой эле Премьер-министр Ак-Талаа районундагы Ак-Талчак көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ат-Башы ГЭСинин иши менен таанышат.