19:00
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Өкмөт башчы жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырат. Ошондой эле, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыкмакчы.

Премьер-министр «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасынын ачылышына катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби