07:51
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЖАМКтын аскер бөлүмүндө жоокер өзүн-өзү атып каза болду

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коргоо жана конвоирлөө Департаментинин бөлүмүндө жоокер өзүн-өзү атып каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, өзүн атып алган жоокер 2000-жылы туулган Б.А. экени аныкталды. Ал аскерде кызмат өтөө үчүн өлкөнүн түштүк аймагынан чакыртылган.

Окуя 6-июнь күнү болжол менен саат 10:40та болгон.

Аталган окуяга байланыштуу аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума