18:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтоду

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтоду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайк, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 14-сентябры саат 12.40га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Булак-Башы жерлигиндеги кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник К. Төлөнбаев менен Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы генерал-майор Х. Пирокзоданын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар