11:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Билим берүү министрлиги: 1-класска окуучулар акысыз жана сынаксыз кабыл алынат

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-класска кабыл алуу суроолору боюнча жарандар үчүн түз байланыш ачты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын буйругуна ылайык, 1-класска кабыл алууда кириш төлөмдөрү катары акча алууга жана башка кириш сынактардын түрлөрүнө тыюу салынат.

Буйрук бузулган учурда төмөнкү номурларга чалса болот

Билим берүү жана илим министрлиги — (312) 66 23 70
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы — (312) 61 00 91, 61 39 72

Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдөгү мектептерде 1-класска документтерди кабыл алуу 15-июндан 15-августка чейин жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби