11:46
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Премьер-министр: Аялдардын укуктарын коргоо тууралуу буйрукту күтпөгүлө

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев облус башчыларына жогору жактан аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо тууралуу буйрукту күтпөгүлө деп тапшырма берди.

Премьер-министр Балыкчыда сабалган наристенин окуясына токтолду.

«Эки жаштагы наристени катуу сабашкан. Муну жөн карап тура албайбыз. Биз эч качан бөлөк бала же бөлөк аял деп ойлобошубуз керек. Облус жетекчилери буйрукту күтпөгүлө, балдар жана аялдардын укугун коргоо үчүн тез аранын ичинде чара көрүшүңөр керек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума