03:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте «Айтматов ааламы» аттуу көргөзмө-сынак уюштурулат

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жаш сүрөтчүлөрдүн «Айтматов ааламы» аттуу көргөзмө-сынагы өз эшигин ачат. Бул тууралуу «Кыргызпатенттин» басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, иш-чара «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү» жарлыкка ылайык уюштурулууда. Анын максаты- жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын көркөм сүрөт өнөрүндө, заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде чагылдырып жайылтуу болуп саналат.

Көргөзмө 8-июнда саат 11:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде өтөт. Кирүү акысыз.

Эң көп окулган жаңылыктар