23:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Чыӊгыз Айтматовду Алтай абдан кызыктырган

Президент Сооронбай Жээнбеков Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрүнүн эл аралык 61-туруктуу конференциясынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрдүн эл аралык туруктуу конференциясы дүйнөнүн булуң-бурчунан илимпоздорду чогулткан эл аралык аянтча болуп эсептелет. Бул конференция алтымыш жыл мурда, 1957-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн 24-эл аралык чыгыш таануучулар конгрессинин чечими менен түзүлгөн. Ошондон бери алтай таануучулардын эл аралык конференциясы жыл сайын өткөрүлүп келет. Мындай туруктуулук Алтай мурасы, тарыхы менен маданиятына кызыгуунун жогору экенин билдирет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бул долбоорду 2007-жылдан бери жетектеп келе жаткан Берлин университетинин түрк таануу институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкелеге рахмат айтып, эл аралык конференцияны 2018-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү демилгесин колдогондугу үчүн Барбара айымга жана конференциянын өткөн жылкы төрагасы венгриялык профессор Акош Апотоцкиге ыраазычылыгын билдирди.

Президент ушул тапта эл аралык деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгиленип жатканын сыймыктануу менен белгиледи. Чыӊгыз Айтматовду өз элинин тарыхый тек жайы, ата-бабасынын мекени болгон Алтай абдан кызыктырган. Ал кыргыз элинин Алтайдагы жашоо доору жөнүндө көп тарыхый маалыматтарды иликтеп, аларды көркөмдүк жактан кайра иштеп чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар