Ысык-Көлдө жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги маалымдайт.
Балыкчы-Ананеьва-Каракол унаа жолунун 52-чакырымында (Чок-Тал айылы) «ДЕУ-Равон» унаасынын айдоочусу унааны башкара албай мүрзөнүн дубалын сүзүп алды. 2-июнь күнү болгон кырсыкта 1987-жылы туулган Ш. С. каза болуп, 1980-жылы туулган А. Р. жана 1987-жылы туулган К. Ч. жаракат алышты.