«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Футбол мелдешинде утулуп калган тарап уткандарга суусундук алып берсе болобу?
Жооп: Негизи динде кумар оюндарына тыюу салынган. Демек ортого байге коюп жарышуу дагы ага каршы келип калат. Бирок, бул чекти айланып өтүүнүн бир жолу бар: ал үчүнчү тарап демөөрчү болуп, суусундук сатып берсе болот.