07:44
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кытай кыргыз жарандарына эки жылдык магистратурага бюджеттик орун бөлдү

Кытай кыргыз жарандарына Сучжоу шаарындагы университеттен эки жылдык магистратурага бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, окуу программасы англис, же кытай тилинде жүрөт. Кытайдын саясаты, экономикасы жана маданият багытында билим алууну каалагандар тийиштүү кагаздарын тапшырса болот. Талапкерлер англис мыкты билип, жаш курагы 45 ашпаган бакалавр даражасына ээ кыргыз жараны болушу шарт. Университет 2500 юань (370 доллар) стипендия бөлөт.

Кенен маалымат үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума