14:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркмөнстанда «гүленжилер» боштондукка чыгышы күтүлөт

Түркмөнстанда «Кадыр түндүн» урматына кезектеги мунапыс жарыяланары күтүлүүдө. Бул тууралуу Борбордук азия жаңылыктар кызматы маалымдайт.

Бул жолу соттолгон үч миңдей кишиге ырайым берилиши күтүлөт. Маалыматка караганда, алардын арасында АКШда бозгунда жүргөн түрк динаятчысы Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына мүчө деген айып менен түрмөгө кесилгендер да бар.

Былтыр февралда Ашхабад соту 18 кишини «гүленжилер» менен байланышы бар деп айыптап, жалпысынан 333 жылга эркинен ажыраткан.

Түрк бийлиги 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинин артында турат деп АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүленди жана анын кыймылын күнөөлөсө, Гүлен бул дооматтарды четке кагып келет. Бул окуядан кийин Анкара бир эле Түркия эмес башка өлкөлөрдө да кыймыл менен байланышы бар кишилерди жана уюмдарды кысымга алууну күчөткөн.

Түркиянын Кыргызстандагы мурдакы элчиси Метин Кылыч, Кыргызстанда 3 миңге жакын «гүленжи» бар экенин айткан. Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапары учурунда Реджеп Эрдоган бийлик Феттуллах Гулендин тарапташтарын Анкарага өткөрүп берерине ишеним арткан.

Эң көп окулган жаңылыктар