23:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кытай бөлүп берген 450 миллион юань Бишкектин жолдорун өнүктүрүүгө коротулат

Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын техникалык-экономикалык байланышы тууралуу өкмөттөр аралык келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, келишимде кайтарымсыз түрдө 350 миллион кытай юанын берүү каралган. Бул каражат «Бишкектин көчө-жол тармактарын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга коротулат.

Ошондой эле кытай тарап «Кум-Дөбө, Мынакелди жана Бурана шаарчаларындагы археологиялык эстеликтерди изилдөө, консервациялоо жана кайра калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн грант катары 100 миллион юань бөлүп бермекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар