Чүй районунда катталган жол кырсыгында 5 киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдогу тосмону сүзгөн. Ар кандай жаракатка кабылышкан 4 кыз жана айдоочу ооруканага жеткирилди. Кырсыктагандардын баары Токмоктун тургундары.
Окуя 30-майда Токмок- Шамшы унаа жолунда болгон. Жабыркагандардын арасында баш мээси чайкалган, кабыргасы, бел омурткасы жана жамбаш сөөгү сынгандары бар.
Алдын ала алынган маалыматка таянсак, жабыркаган кыздар мас абалында болушкан.