00:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешти өмүр бою башкарат

Казакстан парламентинин Сенаты президент Нурсултан Назарбаевге өлкөнүн Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кылуу укугун бере турган мыйзам долбоорун жактырды.

Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Парламент тарабынан жактырылган документке ылайык, Коопсуздук кеңеш консультациялык органдан конституциялык мекемеге айланат.

Сенат тарабынан жактырылган өзгөртүүлөр туңгуч президент жана «Эл башы» макамынын ээси катары Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңешти өмүр бою башкаруусуна мүмкүндүк түзүп, кийинки президенттердин Кеңештин төрагасынын алдында отчёт берип турушун камсыздайт.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Коопсуздук кеңештин курамы «анын төрагасы менен макулдашылгандан кийин» президент тарабынан түзүлөт. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жаңы конституциялык мекеме улуттук коопсуздукту жана коргонууну гана камсыз кылбастан, «ички саясий туруктуулукту сактайт, конституциялык түзүлүштү жана эл аралык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт» деп жазылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума