19:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Эйр Кыргызстан» компаниясынын директорунун иши текшерүү талабы коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбашева «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын директору Жолдошбек Бектургановдун ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылууда.

Анын айтымында, аталган компания банкрот болуу коркунучунда. Кызматкерлердин көпчүлүгүн эмгек өргүүсүнө кетирип жиберишкен.

«Бирок, Жолдошбек Бектурганов өзү айлык акысын алып жатат. Компанияны банкротко учуратып, бир канча жолу арыз түшкөнүнө карабастан директор өз ордунда калууда. Мурда компаниянын карамагында 5 учак бар эле, Жолдошбек Бектурганов келгени бир дагы учак калбай калды», -деди депутат. 

Эң көп окулган жаңылыктар