16:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун кылмыш иши тууралуу маалыматы жок

Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун «Дастан» ишканасына козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматы жок экендигин журналисттерге билдирди.

«Мен шаардык кеңештин сессиясында болчумун. Козголгон кылмыш иши тууралуу азырынча маалыматым жок. Андан бери көп жыл өттү, эстеш керек да», -деди Албек Ибраимов.

Эске салсак, «Дастан» ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.

Ал эми «Дастан» мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган. Аларды алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар