Бишкектин борборунда катталган жол кырсыгынын кесепетинен 4 киши жабыркады. Алардын экөө Германиянын жарандары. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жибек- жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгында жабыркагандар ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан. Аларды Улуттук ооруканага жана Илимий изилдөө травматология жана ортопедия борборуна тез жардам алып келген.