21:49
USD 68.81
EUR 80.45
RUB 1.04

Чубак ажы Жалилов жемкорлорго жаназа окууга тыюу салууну сунуштады

Чубак ажы Жалилов жемкорлорго жаназа окууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу радиодогу түз эфирде угуучулардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуттук тарых музейин оңдоого бөлүнгөн акчалардын уурдалышы боюнча угуп кан басымы көтөрүлүп кетиптир.

«Кытайда жемкорлордун колу-бутун кескилеп жатпайбы. Биз дагы беш-алтоону ошентишибиз керек» — дейт ал.

Диний аалым жемкорлук беренеси менен айыпталгандарга жаназа окууга тыюу салуу сунушун Аалымдар кеңешине киргизет.

Эң көп окулган жаңылыктар