23:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда «Эксимбанк Казахстан» банкынын иши убактылуу токтотулду

Улуттук банк «Эксимбанк Казахстан» банкынын күбөлүгүн 29-августка чейин токтотту. Бул тууралуу башкы финансалык көзөмөл органы маалымдайт.

«Эксимбанк Казахстан» өлкөнүн мыйзамдарын эскертүүлөргө карабай бир жыл ичинде 3 жолу бузган.

Бирок, банк жеке жактарга аманаттарды ачуу жана тейлөө иштерин жүргүзө алат.

2018-жылдын 1- майына карата «Эксимбанк Казахстандын» аманаттык эсептери 267 миллион тенге, (811,5 миң долларга) барабар.

Эң көп окулган жаңылыктар