05:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кытай камоого алган этникалык казактардын тогузун бошотту

Пекин Кытай жарандыгынан чыгуу тартиптерин бузган деген жүйө менен кармалган бир нече казакстандыкты бошотту. Мындай макулдашууга тараптар эки өлкө өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин жетишкенин Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов 29-майда билдирди.

Ал Казакстандын жарандыгын алгандан кийин Кытайда кармалган этникалык казактардын маселеси анын Пекинге жасаган өткөн айдын соңундагы расмий сапарында, Кытай ТИМ башчысы Ван И менен болгон жолугушуусу маалында талкууланганын белгиледи. Абдрахмановдун айтымында, ал кезде Кытайда 12 казак жаранынын кармалганы белгилүү болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тогуз киши бошотулганын айткан Абдахманов учурда анда дагы «170 этникалык казак» тууралуу маалыматтар бар экенин жана алардын ар бири боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Министр кийинки айда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин ШКУ саммитинин алкагында Кытайга жасай турган сапары маалында бул маселенин талкууланар-талкууланбасын тактаган жок.

Буга чейин Кытайда кармалып, «саясий жактан кайра тарбиялоо жайына» жайгаштырылгандыктарын айткан казак жарандары Казакстан бийлигине кайрылганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар