Түндүк Кипр Республикасынын Гирне шаарында өзүнүн батиринин терезесинен кулап түшкөн кыргызстандык Садырбек Алымбековдун сөөгү Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
27 жаштагы Кыргызстандын жараны 27-майда өзүнүн батиринин терезесинен кулап кетип, ооруканага жеткирилген. Ал аталган шаардагы казинолордун биринде иштеп келген.