12:56
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Кипрде өзүнүн батиринин терезесинен кыргызстандык жаран кулап кетти

Түндүк Кипр Республикасынын Гирне шаарында өзүнүн батиринин терезесинен кыргызстандык Садырбек Алымбеков кулап кетти. Бул тууралуу Haberkibris порталы билдирди.

Жергиликтүү полиция билдиргендей, окуя 24-майда болгон. 27 жаштагы кыргызстандык жаран олуттуу жаракат алган.

Учурда жабырлануучу Нокосие шаарындагы «Бурхан Налбантоглу» ооруканасында жатат.

Окуянын чоо-жайын полиция иликтейт.

Эң көп окулган жаңылыктар