18:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Гульнур Асанова: Салттуу музыка менен мега-жылдыз боло албайсың

Гүлнур Асанованын жеке архивинен
Фото Гүлнур Асанованын жеке архивинен

Кыргыздын салттуу музыкасын жайылтууга салымын кошуп келе жаткан ырчы айым Гульнур Асанова жаңы чыгарма жаратты. Эми ал ырына клип тарттырып, 2-3 айдан кийин элге сунуштамакчы.

Белгилүү ырчы чыгармачылыгы, жеке жашоосу жана салтуу музыкага болгон көз карашы тууралуу «24.kg» агенттиги менен бөлүштү.

— Көптөн бери жаңы чыгармай жаратпай, тыныгууда жүрдүңүз окшойт...

— Эми жашоодо ар кандай өйдө-ылдый нерселер болот экен. Ден соолукка да байланыштуу болот. Ошондуктан 1 жылдан бери чыгармачылык менен алектенбей калган элем.

— Жеке жашооңузда элге белгилүү олку-солкулардан кийин эмне өзгөрүүлөр бар?

— Бир жылдай болуп калды, жеке жашоомдун барагын кулпулап койгом. Жеке жашоо туурасында сүйлөшкүм келбейт. Журналисттерден гана эмес, дегеле адамдардан качып калгам. Анткени жомок токулуп кетет экен. Таасири келип өзүңө тиет.

Гүлнур Асанованын жеке архивинен
Фото Гүлнур Асанованын жеке архивинен

— Адамды турмуш тарбиялайт эмеспи. Кээде кыялдарыбыз орундалбай калат дегендей, сиздин буга жообуңуз?

— Туура, турмуш тарбиялайт, таразалайт. Жалпысынан жакшы эле сабак алдым десем болот. Минустарды айта кетсем, өзүм жактан ишенчектик кылдым го...

— Мырзалардын кандай сапаттарын баалайсыз?

— Мырзалардын жалган сүйлөгөнү, жок нерсени бар деген мактанчаактыгы жакшы жолго алып барбайт. Мага негизинен сөзү менен эмес, иш жүзүндө аткарган чынчыл, сөзүнө турган мырзалар жагат.

— Улуттук баалуулуктарды кармап жүргөн ырчыларды катарындасыз. Дегеним кыргыздын улуттук кийимдерин кийип, чачыңызды узун алып жүрөсүз?

— Апам уз, чебер киши. Кичинемден эле чүпүрөк кармап чоңойдум. Апамдан көп нерсени үйрөнгөндүктөн, кээ бир кийимдерди өзүм тигип алам. Базардан кийим алсам да, өзүмө ылайыктуу кылып кыскартып оңдойм. Алгачкы жолу өзүм тиккен сахна кийимдерим эсимде. Кыргыздын баалуулуктарын карманганым кесибиме да байланыштуу.

Салттуу музыканы алып жүрүүчү катары кыска юбка кие албайбыз. Сөзсүз узун, кош этек көйнөктөр, анан баш кийимибиз болот. Ушундай кийинип жүрүүгө мен милдеттүүмүн.

7 жыл бою салттуу музыка боюнча билим алдым. Чет өлкөгө чыкканда да улуттук кийимди, улуттук аспапты таанытканга аракет кыламын. Башка нерсе менен чет элдиктерди суктандыра албайбыз. Алар тоюп бүтүшкөн.

— Айрым ырчылар алгач салттуу музыка менен чыгып, кийинчерээк эстрадага ооп кетишет. Себеби эмнеде?

— Салттуу музыка менен таанылып мега-жылдыз боло албайсың. Салттуу музыканы угуш үчүн, адамдын жан-дүйнөсү бай болуш керек. Ар бир нерсенин өзүнүн убагы болот. Жалпылап айтканда адамдардын жашы 30-40тан өткөндө комузда ырдалган ырларды, дастандарды угат. Ал эми той топурга эстрада керек.
Салттуу музыканын түйшүгү көп. Негизи бул багытта билим алып, кийин эстрадага ооп кеткендер да жок эмес. Анткени, эстрада жааты жеңилирек.

— Той-тамашаларда ырдайсызбы?

— Мурун жигердүү иштеп жүргөндө мени жар-жар айтып бер деп көп чакырышчу. Мен болсо жар-жарды улуулар айтып, келинди алып кирерин белгилеп баш тартчумун. Эми айта берсемби деп ойлонуп турам.

Тойлордон көбүнчө 60 жылдык, 80 жылдык мааракелерге чакырып калса жок дебей барам.

— «Дарак ыры» тасмасындагы башкы ролго казак актрисасы тандалып алыныптыр. Мисалы, кыргыздарда деле баш ролду ойноого татыктуу кыздар бар да. Сизди чакырышкан жокпу?

-Мен ошол убакта ооруканада жатканмын. Кастингге катышкан эмесмин. Чыккандан кийин барып бир эпизодго ырдап бердим. Кандай критерий менен тандашты аны билбейм. «Курманжан датка» тасмасына тартылганымда кандай критерий менен тандалганымды билчүмүн. Албетте, кыргызда андан да сулуу, чырайлуу актрисалар бар.

-Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Эң көп окулган жаңылыктар