Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарын текшерет. Бул тууралуу конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча парламенттик комитеттин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
«Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арыз келип түштү. Учурда баары тыкыр иликтенип жатат, жыйынтыктарын айтабыз», -деп сөз берди башкы прокурор.