01:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Электрдик станциялар» ААКнын башкы директору болуп Аскар Эшимбеков дайындалды

«Электрдик станциялар» ААКнын башкы директору болуп Аскар Эшимбеков дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Аскар Эшимбеков энергетика тармагында 33 жылдан бери эмгектенип келет. Алгачкы эмгек жолун Ош шаарындагы ЖЭБде баштаган. Буга чейин ал «Түндүкэлектр» ААКсын жетектеген.

Эске салсак, «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку жетекчиси Узак Кыдырбаев Бишкек ЖЭБди модернизациялоого карата козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар